Апендинин жооругу. ким кандай кыргызча анекдот билсе бул жерге таштагыла

Апендинин жооругу. ким кандай кыргызча анекдот билсе бул жерге таштагыла

Апенди бир кемеде жаңы эле ишке баштаган экен. Кеме Англияга барып бир портто токтоптур. Апенди да кемени байлоого шайланып, жээкке калың арканды ыргытыптыр да анан ал жерде турган англичанга бакырыптыр: - Арканды байла! -. жооп жок -Ай байлабайсынбы?! Англичан түшүнбөдүм дегендей аракет жасаптыр. Апенди да анча мынча угуп үйрөнүп алган англисчеси менен, -Do you speak English -Yes, Yes -Анда арканды алып байлабайсыңбы !!!

Коридордо бир окуучу чуркап бакырып баратат. --Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп. Астынан директор тосуп чыгат экен да сурайт: -Эмне болду сага? Эмне сабак учурунда эшикте журосун? -Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп дагы бакырат экен окуучу. Директор жини келип, -Айт сага эмне болду?-деп дагы бир сыйра сурайт экен. Анда окуучу: -Мен класта осуруп алдым. Мени мугалим кууп чыкты да өздөрү жытташ учун чыкпай коюшту. Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп кайра бакырган бойдон кеткен экен.

Апендинин баласы уйуно куйуп бышып чуркап келет: Баласы: Ата мен 5 сом пайда кылдым - деп. Атасы: Кантип. Баласы: Маршрутканын аркасынан чуркап келдим - десе, анда атасы: Ээ балам ишти чала кылыпсын да, таксинин артынан чуркап келбейсинби, 40сом пайда кылмак элен.

Апенди ооруканада өзүнө келбей араң жаткан жеринен башында карап турган аялына карап. - Айланайын кемпирим, деп жобураганда аялы жакшы үмүт менен мени мактайт ко деп, кулак салса. - Каап авто кырсыка учураган кезимде да жанымда болчу элең, банкрот болгон кезимде да жанымда болчу элең, токмок жеген кезимде да жанымда болчусун, теги эле кара мышыгы бар аял турбайсынбы сен дептир.

#2 Гость_Japalak_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Апенди бейишке тушуп жолдо бара жатса тозок корунот екен, караса дискотека болуп атыптыр. Анда апенди кызыкганынан мени ал жака жоноткуло дейт екен, периштелер тозоко алып барат экен, барса адамдар отко куйуп жатыптыр, Апенди - Жана эле бул жерде дискотека болуп жатпадыбы эле, кана десе? Периштелер ал Реклама болчу деген экен.

Бир учкуч Боинг менен көтөрүлүп бардык жогун жайгаштырып автопилотко рулду берип уфф.. дегиче болбой жанына Азреил пайда болуптур, Азреил: Бол еми кеттик сенин убактын бүттү. Учкуч: Койо тур жерге түшөлү. Азреил: Жок болбойт сенин убактың бүттү. Учкуч: Жалгыз мен үчүн самолеттогу 300 кишинин омурун кыйба? Азреил: Билсен ошол 300 кишини сенин самолетуна топтош үчүн 7 жылдан бери күтүп жүрөм дептир.

Өрдөк барга барыптыр Өрдөк: Нан барбы? Бармен: Жок Өрдөк: Нан барбы? Бармен: Жок бул жерде нан сатылбайт Өрдөк: Нан барбы? Бармен: Жок бул жерде жок Өрдөк: Нан барбы? Бармен: Жок Өрдөк: Нан барбы? Бармен: Дагы бир жолу сурасаң сени мык менен дубалга илип коём Өрдөк: Мык барбы? Бармен: Жок Өрдөк: Нан барбы

Кумурска жайды жайлай кыйналып иштептир, ийнелик болсо скрипкасы менен ойноп күлүп жайды өткөрүптүр Анан кыш келгенде Ийнелик кумурсканын үйүнө келиптир: Кумурска: Ийнелик тууган эмне болду жайды жайлай ойноп күлүп кышты ойлобой калыпсынбы. Ийнелик: Жок кумурска мени башкача түшүнүп алдың. Мен жайды жайлай ырдап дегендей акча топтодум, бүгүн Европага жолго чыгып атат элем Европадан калаган нерсең барбы деп сурагаңы келдим. Кумурска: Хмм анда Францияга барганда Парижге барып La Fontaine деген бироо бар ошонун бетине менин атыман түкүрүп кой деген екен.

#3 Гость_SkatKG_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Japalak Ва-ха-ха-ха ордок боорду эзип таштады, жыгат экендагы анекдот барбы

#4 infinity
  • Reserved
  • Cообщений: 13 529
  • Регистрация: 18-11-2005

Japalak

#5 Гость_Japalak_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Бир куну апендинин баласы жаман кубанычта мектептен үйүнө келет экен. Анда Апенди: Балам мектепте эмне кылдыңар мынчалык кубанарлык? Баласы: Жарылуучу бомба жасадык. Апенди: И анан эртең эми емне кыласыңар мектепте? десе. Баласы: Кайсыл мектепте?! . деген экен.

Сабак учурунда мугалим сурап жатат: Ким бейишке баргысы келет? Окуучулап бүт баары кол көтөрүптүр жалгыз бирөөсү көтөрбөптүр - Сен не бейишке баргың келбейби? - Жок мен сабактан кийин үйгө кетишим керек деген экен .

Апендинин аялы аш демдеп, шакарап жасап койюптур, анда апенди ай тезирээк алып келбейсинби жейли десе, аялы кудай кааласа азыр жейбиз десен дейт экен, анда апенди кудай кааласа да каалабаса да жейм дейт. Аш бышып алдына келгенде милийса келип апендини алып барып милисаканага камап койушат, бир жумадан кийин апенди уйуно келип эшигин такылдатат: аялы: - Ким бул? апенди: - Кудай кааласа сенин куйоонмун.

Апенди досунун тоокфермасына барып калат экен. Досу мактангансып тоокторун көрсөтүп жүрүп апендиге айтат: Досу: - Менин фермамда канча тоок бар билесиңби? Апенди: - Билем, 3185 тоогуң бар. Досу: - Кантип билип алдың? Апенди: - Тоокторуңдун буттарын санап туруп экиге бөлүп койдум.

#6 Aliud
  • Человеки
  • Cообщений: 11 323
  • Регистрация: 08-04-2005
  • Предупреждения: 0

*** *** ***

Сабак учурунда мугалим сурап жатат:Ким бейишке баргысы келет?Окуучулап бүт баары кол көтөрүптүр жалгыз бирөөсү көтөрбөптүр- Сен не бейишке баргың келбейби?- Жок мен сабактан кийин үйгө кетишим керек деген экен .

*** *** ***

Бир куну апендинин баласы жаман кубанычта мектептен үйүнө келет экен.Анда Апенди: Балам мектепте эмне кылдыңар мынчалык кубанарлык?Баласы: Жарылуучу бомба жасадык. Апенди: И анан эртең эми емне кыласыңар мектепте? десе.Баласы: Кайсыл мектепте?! . деген экен.

Мобулар куйгузот экен.. =)

#7 Гость_Crunch_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Коен менен Карышкыр арак ичишет коен: Мени сыйлайсынбы карышкыр: Сыйлайм. коен:Анда тетиги бакты кучактачы дейт, ал кучактары менен коен аны байлап туруп аябай сабап кетип калат. ангыча тулку келип эмне болду десе Коен экообуз чогуу арак ичкенбиз анан ал мени алдап байлап туруп сабап кетти дейт Тулку, мен коендон кем бекем деп ал дагы сабайт анан аюу келип сураса карышкыр 1 коен 2 тулку деп баарын айтып берет мен экоондон кем бекем деп ал дагы сабайт акырында пил келип эмне ьолду десе Карышкыр: Сен сабай бер мен "походу" айтып берем деген экен

#8 Гость_Alim Bek_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Crunch

#9 Aliud
  • Человеки
  • Cообщений: 11 323
  • Регистрация: 08-04-2005
  • Предупреждения: 0

Карышкыр: Сен сабай бер мен "походу" айтып берем деген экен

#10 Гость_Japalak_*
  • Гости
  • Регистрация: --

2-Дүйөлүк согуш катуу болуп жаткан учурда Орус генералдардын бирөөсү ойлонуп олтуруп акыры ар 1 немистин өлүгүн алып келгенге 10 рубл акча төлөнөт деп жарыя салыптыр… Эртеси каттуу салгылашуу болуп, көп адам набыт болуптур, бирок генералга аз эле немистин өлүгүн алып келишиптир. Кечке жуук бир вагон немистин өлүгү менен бир еврей келиптир. Анда генерал еврейди чекеге тартып: - Эми тушун да, согуш убагындабыз мен сага 7,5 рублдан эле төлөйүн десе… Еврей: - Жок болбойт мен озум 8,5 алдым деген екен .

Окуу башталып жаңы келген студенттерге атайын чогулуш болуп, анда ректор жатакана жөнүндө айтып жатат: - Кыздар жаткан жатаканага өткөн эркектер 1-жолу кармалганда 200 сом, 2-жолу кармалганда 300 сом, 3-жолу кармалганда 500 сом штраф төлөйт. Башка сурооңор барбы? десе Аркада турган окуучулардан бирөөсү: - Анда бир сезондук билет канча турат деген экен?

Кыргыз тил сабагында эжеке сурап жатат: - Мен сулуумун деген кайсыл чак болот? десе Окуучулар: - Эжеке ал өткөн чак! деген экен.

Бир адам базарга барса тотукуш (попугай) сатылып жатыптыр. "Кандай өнөрү бар?" деп сатуучудан сураса, сатуучу: - Эмнени кааласаңыз ошону айтат! деген экен. Анда ал адам кызыгып тотукушту сатып алыптыр. Үйгө келгенде тотукушка "байке де" десе айтпайт экен. Кайра кайра кайталаптыр эч жыйынтык чыкпаптыр. Жини келип тотукуштун париктерин тыткылап, тоокканага ыргытып жатып алат. Түнү уктап жатса тооктордун кыйкырган үндөрү угулат дейт. Туруп барып караса тотукуш тоокторду четинен кармап алып "байке де, байке де" деп париктерин жулуп жаткан экен.

#11 Гость_Japalak_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Моргдо инспектор өлгөндөрдү териштирип сурап калат. -Бул өлүк эмнеге күлүп турат? -Лотерея утуп алган экен сүйүнгөнүнөн приступ болуп өлдү. Экинчи өлүккү барса , ал да жылмайып турат. -Бул дагы лотерея утуп алыптырбы? -Жок, балалуу болгон экен. Сүйүнгөнүнөн жүрөгү токтоп калыптыр. Үчүнчү өлүк болсо капкара болуп күйүп калган Апендинин сөөгү экен. Ал да жылмайып туруптур. -Буга эмне болгон? -Чагылган тийип өлдү. -Эмнеге анан күлүп турат? -Фотоапарат менен сүрөткө тартып жатат деп ойлоптур.

Үч чымын аябай дос болгон екен. Бир күнү үчөө: - Келгиле үчөөбүз үч жерге бөлүнүп, үч айдан кийин кайра жолугалы, кимибиз көбүрөөк семирип келеер экенбиз деп. Бөлүнүп кетишет. Үч айдан кийин жолугушат. Үчөө жолугуп кимиси кайда жашаганын айтып киришет. Аябай семиргени: - Мен ресторанда жашадым, учуп барып туруп клиенттердин ичип аткан тамагына бир сайылам, мени көргөн алар тамагын жебей четке жылдырып коёт тарелка бут меники - деп мактанат. Орточо семиргени: - Мен болсо көп балалуу үй-бүлөөдө жашадым учуп барып туруп ичип аткан тамагына бир сайылам, кашыгы менен сүзүп чекеге алып коёт, бир кашык тамак бут меники дейт. Четте турган арык чымын байкуш, ыйламсырап: - Мен болсо студенттердин общежитиясында жашадым, жакшы эле ичип аткан тамагына учуп барып сайылам, мен байкушка чекеге жылдырмак турсун мени кошо соруп-соруп туруп чертип салышат, ошол үчүн арыкмын деген екен.

#12 Гость_Japalak_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Жигит менен кыз көчөдө баратып шашлычныйдын жанынан алдынан өтүп калышат. Кыз: - Ах кандай сонун жыт, десе. Жигит: - Жүр дагы бир жолу өтүп келели, дептир.

Бир куну озбек (ГАИ) кызматкери бир машинени токтотуп алып, ото катуу текшерип кирет экен. Машиненин ээси болсо озуно, тын неме болгону учун, гаишник эч жеринен ката таппай коёт экен. Акыры аргасы тугонгон озбек ГАИ кызматкери сурайт экен: - Машинендин магнитофону барбы? - Ооба. - Ырдатып корчу. - Макул! - деп бир ырды коюп коёт экен. Бир маалда ГАИшник ото берилип даврага тушуп атып: - Эмне карайсын, кыстарбайсынбы акчадан! дейт экен…

Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, "мамаа!" деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: "маманды кантип тааный койдун" деген экен.

Эки чукча деңизге барып, морж кармап алышат экен. Моржду башынан сүйрөп алып келе жатышса алдынан бир орус чыгып: Эй, алдыгыны башынан сүйрөбөй куйругунан сүйрөсөңөр женил болот дейт. Эки чукча куйругунан сүйрөп көрсө чын эле жеңил болот. Чукчанын бирөөсү экинчисине: - Негизи орустар акылдуу болот ээ, десе. Анда экинчиси: - Акылдуусу го, акылдуу, бирок экөөбүз кайра деңизге келип калдык, дептир.

Бир күнү кызына Barbie кукла алып бергиси келген киши дүкөнгө барат. - Пляждагысы канча? - 20$ - Дискотекадагы канча? - 20$ - Соода кылып аткан канча ? - Ал да 20$ - Тиги ажырашып кеткен канча? - Ал 220$ - Ой неге мынча кымбат? - Ажырашкан Barbieге Ken дин үйүн, машинасын, мебелин кошуп беребиз.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎